Бүгүн, 26-августта Ош облустук билим берүү башкармалыгынын август кеңешмеси өттү. Ага облус аймагында билим берүү тармагында эмгектенгендер жана облус башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты.
Анда билим берүү тармагында үзүрлүү эмгеги менен ардагерликке жеткендер жана мектепке жаш мугалим болуп келгендер сахнага чыгып, "Мугалим ким?" деген темада сөз сүйлөшүп, ал кандай милдеттерди билүүсү керектигине токтолуп өтүштү.
Андан соң облус башчысы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, билим берүү тармагында эмгектенгендерге облустун атынан Ардак грамоталарды тапшырды.