Чаткал районундагы Курулуш айылынын эки тургуну унаасы менен 40 метр бийиктиктен дарыяга түшүп кетип дайынсыз болуп жаткан эле. Алардын бири, 23 жаштагы Нурдин Кочкоров 25-августта Чаткал дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, Нурдиндин жансыз денеси Ак-Таш капчыгайынан 100 метр ылдыйдан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы да табылды. Сууга түшүп кеткендердин экинчисин издөө иши бүгүн ӨКМнын II издөө-куткаруу отрядынын 6 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундар тарабынан улантылууда.