Бүгүн, 26-августта Ош шаарындагы Улуттук драма театрында шаардык билим берүү тармагында эмгектенгендердин август кеңешмеси өтүп, анда Ош шаардык билим берүү тармагында 2013-2014-окуу жылында аткарылган иштер жана жаңы 2014-2015-окуу жылына карата милдеттер айтылды.
Анда билим берүү кызматкерлеринин адистик чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү максатында мектептерге интерактивдүү такталарды орнотуу зарыл экендиги айтылып, орус тилдүү мугалимдер жетишпегендигин Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов белигилеп өттү.
Ага шаардагы бардык мектептердин мугалимдери катышышты.