“ВИА Гра” тобунун экс-солисти жана белгилүү ырчы Вера Брежнева имиджин өзгөртүп, күйөрмандарын таң калтырды. “Меладзеге баргым келет” аттуу долбоорунда алып баруучу болгон ал жибектей узун чачын эркектикиндей кыска кырктырып, тартуу процессине жаңы образда чыга келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар 25-августта жазып чыгышты. Күтүлбөгөн жерден имиджин таптакыр өзгөрткөн Веранын күйөрмандарынын көпчүлүгү "узун чачы менен назик көрүнчү" деп жактырышпай жатышканын билдиришти. Бирок сүрөттү дыкат карап чыккан көрүүчүлөр анын кыска чачын кийме чач деп айтышууда. Ал эми ырчы айланасында жаралган интриганы сактап, эч кандай маалымат бере элек.