Бүгүн, 26-августта Бишкекте мектеп кызматкерлеринин жыйынында
мугалимдердин жана окуучулардын бирдиктүү мектеп
формасы көрсөтүлдү.
Иш-чарада 1-11-класстардын окуучулары жана мугалимдер мектеп формасын кийип көрүүчүлөрдүн алдына чыгышты. Бишкектин мэриясынын Билим берүү департаментинин башчысы Сауле Мейрманованын айтымында, 1-сентябрдан тарта мектеп форма маселеси тууралуу окуучулардын ата-энелери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.
Айта кетсек, 1-июлда бирдиктүү мектеп формасы боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы окуу жылында кийилүүчү мектеп формасы аныкталды. Финалга чыккан эмгектер эл алдына тартууланып, мыктылары СМС-добуш берүү жана интернет-сайтта добуш берүү аркылуу тандалып алынган.