Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 5 тажик жараны жабыркап, 2 адам каза тапканы айтылууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 5 тажик жараны жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта чет элдик маалымат каражаттары Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты. Анда тажик чек арачылары биринчи ок чыгарышпаганы айтылат.

Ал эми айрым маалыматтарга караганда, жабыркагандардан тышкары 2 тажик жараны каза тапканы айтылат.

“Тажик тараптан канча адам жараат алганы азырынча белгисиз. Айрымдар 2 адам каза тапканын айтышууда. Бирок ага ишенүү кыйын”,- деди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков.

Эске сала кетсек, кечээ, 25-август күнү Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
aikol87
2014-08-26 12:26:53
Башка тушкон балээ болдуго булар. Саны бар,сапаты жок отургандардан бироо жарымы патриот чыгып ушу чек ара маселесин чечпеди.
+5
bishkek.kg
2014-08-26 12:27:25
Бул чек ара иши качанга чейин созулат ДАГЫ! Ушул маселени чечишсе болмок чондор.Баардык кыйынчылыкты ошол чек арада жашаган эл коруп жатышат.Эгер маселе ушул бойдон каралбаса ,тажиктер жерлерди да ээлеп алышат!!
+3
danik0101
2014-08-26 12:42:58
Бекерчилер кундо эле чогулгандай болушат бир нерсени чечкендей тур корсотушот эч эле жыйынтык жок арасында кыргыз жерине куйгон бироо жарым жокбу??? КР конституциясын кармап ант беришти эле го.......
+4
tolkun85
2014-08-26 12:56:30
эч качан мойнуна койо албайт биздин бийлик куноону аларга, по либому биз куноолу болуп кала беребиз анткени кыргыздын укугун коргой ала турган эч ким жок аткаминерлерден,баары оз жанын ойлойт башкасы бир тыйын аларга!!!
+5
Asan_aksy
2014-08-26 13:00:02
эмне болуп баратат тажиктер тынчылык еле болсунда .
0
sanchos
2014-08-26 13:16:44
АША, БИЙЛИКТЕГИЛЕР!!! Чек ара маселесин чечпей эшектин тезегин терип журосунорбу бири биринди чукулап, тойгуздунар го, тойгуздунар. эмнеге бизде да алар баштады деп айта алышпайт, информационная война да коп жерде коп нерсени, дуйнолук коз карашты онго же солго буруп койот го. биз деле ошентели да биринчиден болуп, потом разберемся кто прав, кто виноват!!!
+2
youngyoung
2014-08-26 14:06:39
АША менен Бабановдун балдары армияга барып, ошол тажик озбек чек араларында 2 ай кызмат кылып корсун!
+1
youngyoung
2014-08-26 14:08:34
Бизге диктатор керек, бирок элди ойлогон диктатор керек. Тойгузду ушул парламент, ыйламсыраган ХХХ.
0
josholu
2014-08-26 15:43:58
Азаматтар бир карыш да жолотпогула тажиктерди, ХХХ ХХХ кысчу жерин кысыыыып журот
+1
admin_portal
2014-08-26 15:51:59
josholu - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө жол берилбейт.
-1
Kypkyrgyzz
2014-08-26 15:53:03
bizdin 4inovnikterge eptep ozdorunun benzinderi otup tursa boldu kalgany mn 4atagy jok bawyn dagy orutkusu kelbeit
+1
ayakosya
2014-08-26 16:20:45
ХХХ ХХХ болот экен го. Качанкыга чейин оло берет биздикилер.
+2
admin_portal
2014-08-26 16:37:43
ayakosya - эскертүү!
Улуттар аралык талаш, түшүнбөстүк жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
-1
NURSAPAR
2014-08-27 00:55:28
АШАны Жылдын Мыктысы дейсинер жыл башынан бери чек арада эле канча адам курман болду? Аларга ким жооп берет? Бийликтегилердин уй-булосун ошол жакка кочуруш керек
0
Desmond
2014-08-27 11:27:35
Оздору башташкан ошону кормоксунор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан