Ош облусунун Өзгөн районунда жеке ишкерлердин салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусундагы Өзгөн районунун аймагында контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди аныктоо жана алдын алуу боюнча рейд жүргүзүп, анда "КыргызАлкоТрейд" жана "Кара-Балта арак заводу" ишканасынын өндүрүшчүлөрү тарабынан салык төлөөдөн качуу максатында жарым литрлик бөтөлкөлөргө 0,25 литрлик идиштин акциздик маркасын чаптагандыгы белгилүү болгон.
Бул боюнча материалдар мындан аркы чараларды көрүү максатында ишканалардын катталган жери боюнча салык органдарына өткөрүлүп берилди.