5-сентябрда Жалал-Абад шаарында «Улут наркы унутулбайт» аттуу уз-чеберлер сынагы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сынак "Мамлекеттик тил" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдык мааракесине карата, кол өнөрчүлүгүн жандандыруу, келечек муундарга өткөрүп берүү жана Мамлекетти бекемдөө жылына карата өтөт.
Шаардагы кол өнөрчүлөрдүн, уздардын колунан жаралган буюм-тайымдарды даңазалап, коомчулукка маалымдоо жана кенен жайылтуу максатында өтүлүүчү кароо-сынакка ар бир аймактык башкаруулардын жетекчилери өз аймактарындагы уз-чеберлердин катышуусун камсыздап, ар тараптан колдоо көрсөтүшөт.