20-сентябрда жаш активисттерден түзүлгөн “Жаңы муун” кыймылы Таласта жыйын өткөрүп, көйгөйлүү маселелерди талкуулашат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта SUPER.KG порталына активист Мавлян Аскарбеков билдирди.
Анын айтымында, үч күн мурун 23-августта Таласта аталган кыймыл чогулуш өткөргөн. Анда чоң курултайды кайсы күнү жана кайсы жерде өткөрүү маселеси талкууга алынган. “Анын жыйынтыгында жыйынды 20-сентябрда Талас облусунда өткөрүүнү белгиледик. Ал эми жыйын өтчү жер Талас шаарыбы же Талас облусунун айылдарынын бириби, учурда тактала элек”,- дейт активист.
Мындан тышкары ал жыйында карала турган негизги маселелерге да токтолду. “Бул иш-чарада кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик жана кыргыз-казак чек ара маселелери, суунун аздыгы, электр энергиясынын кымбатташы, 2015-жылы парламенттик шайлоодо жаңы муундардын келишинин керектиги талкууланат”,- деди Аскарбеков.
Айта кетсек, бүгүн Равшан Жээнбеков жетектеген Улуттук оппозициялык кыймыл 16-сентябрда курултай өткөрүүнү пландап жаткандыгын SUPER.KG порталына билдирген. Анда 300гө чукул адамдын катышуусу пландалууда.