Бишкектеги Бах көчөсүндө эки кабаттуу үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Өрткө каршы кызматынан билдиришти.
Учурда өрт өчүрүүчүлөр 3 унаа менен кырсык болгон жерде иш алып барышууда. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Болжол менен үйдүн 250 чарчы метри күйүп кеткени айтылууда. Өрттүн келип чыгыш себеби азырынча белгисиз.