Бүгүн эртең менен Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Ош облусундагы Лангар айылынан 8 чакырым түндүк-чыгышта жана Эгин-Жай айылынан 12 чакырым түштүк-батышта орун алган. Ал жерде зилзаланын күчү 2,5 баллга жеткен. Ал эми Лангар айылында 2 балл болгон.