Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев Ош облусундагы Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунун мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Мугалимдер окуу китептеринин авторлоруна нааразы. Айрыкча физика, математика, химия, биология сындуу так илимдер жаатындагы окуу китептеринин жөнөкөй жана жатык тилде жазылбагандыгын баса белгилешүүдө. Айрым туюнтмаларды окуучулар эле эмес, мугалимдердин өздөрү дагы түшүнүүсү кыйын. Ошондой эле жан башына каржылоо усулун таптакыр алып салууну өтүнүштү”,- дейт депутат.
Андан сырткары Осмоналиев Кара-Кулжа районунун мугалимдери жергиликтүү бийликтин дарегине карата ыраазычылык айтышканын да кошумчалады. “Кара-Кулжа районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 67 жетим балага 5 миң сом өлчөмүндө атайын банк эсебин ачуу демилгеси колго алынды. Депозиттик эсепте топтолгон каражат балдар 18 жашка толгондо колуна тиет”,- дейт ал.