Бишкек троллейбус башкармалыгында санитардык талаптардын сакталбагандыгы аныкталды

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта борбор калаадагы Троллейбус башкармалыгында санитардык талаптардын сакталбагандыгы аныкталганын маалымдады.

Белгилүү болгондой, кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө 6-кичи районунун Сухэ Батор көчөсүндө жайгашкан Бишкек троллейбус башкармалыгынын диспетчердик пунктунда шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузуу фактысы аныкталган.

Аталган диспетчердик пункттун айланасында антисанитардык абал түзүлгөн жана кургак таштандылар баш аламандыкта жыйылып, аларды өрттөө жүргүзүлүп турат. Рейддин жыйынтыгы менен Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчисинин атына протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан