Бүгүн, 26-августта мэриянын басма сөз кызматы борбор калаада мыйзамсыз турак үй курган жаранга 10 миң сом айып пул салынганын билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан шаардын Сыдыков көчөсүндө мыйзамсыз турак үй куруу фактысы аныкталган.
Маалыматка караганда, шаар тургуну Д.Караев 8,5 метр х 8,5 метр өлчөмүндөгү эки кабаттуу үйдү расмий уруксатсыз, тиешелүү документтерисиз, жалпы пайдаланылуучу жер тилкесине куруп баштаган.
"Ал жер тилкеси аркылуу байланыш чубалгылары да өтөт. Жеке турак жай куруу департаментинин кызматкерлери тарабынан протокол түзүлүп, курулуш ээсине эскертүү берилген жана шаардын Биринчи Май райондук сотуна мыйзамсыз курулушту бузуу жөнүндө доо арыз жазылган. Биринчи Май райондук сотунун токтомуна ылайык, Д.Караев 10 000 сом өлчөмүндө айыпка тартылып, жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү милдеттендирилген" деп айтылат маалыматта.