Чүй өрөөнүндөгү Невакет шаар калдыктарынан табылган Будданын 5 метр келген статуясын Мамлекеттик тарых музейинин кайра куруу иштери жыйынтыкталгандан кийин көрүшү мүмкүн. Бул боюнча азырынча так чечим чыга элек. Балким, 2 жылга чейин да элдин назарына коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу аталган музейдин маалыматтык бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, статуя Мамлекеттик тарых музейине алынып келинди. Учурда ал сакталып турат. Реставрациядан өткөрүү иштери октябрь айына жакын чечилет, бирок кайсы күнү иш башталары тууралуу так маалымат жок. Каржы маселеси да азырынча чечиле элек.
Кошумчалай кетсек, Орто Азиянын түндүгүндө эң чоң деп эсептелген Будда статуясын казуу иштери өткөн айда бүткөрүлгөн.