3-сентябрда Бишкектеги Жал кичи районунун Дайыр Асанов атындагы Аскер лицейинин аймагындагы 2 үйдөн аскерлерге батирлер берилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, батирлер Башкы штабдын жана Коргоо министрлигинин 108 аскер кызматкерине берилмекчи. Айта кетсек, жакынкы арада Бишкек жана Ош аскер гарнизондорунда 400 батирдин курулушу пландалууда.
Эске салсак, буга чейин үйлөр 20-августта тапшырылары айтылып келген. Бирок көп кабаттуу үйлөр бүткөрүлүп, тапшырууга даяр болгону менен, Кытай тарап мамлекеттик актыны тапшырбаганынан улам белгисиз мөөнөткө калтырылган.