Таласта өрт кырсыгынан жабыркаган 6 адамдын бири каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдан бүгүн, 26-августта кабарлашты. Маалыматтарга караганда, калган жабырлануучулардын да абалы оор бойдон калууда.
Эске салсак, 25-август күнү Талас шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазада күйүүчү май ташуучу унаа жана автобус өрттөнүп, 6 адам денесинен 4-даражадагы күйүк алышкан. Унаа өрттөнгөн учурда анда 7 тонна күйүүчү май болгон.