Бишкекте троллейбус айдоочулары нааразычылык акциясына чыгышат

Бишкекте троллейбус айдоочулары нааразычылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу бүгүн айдоочулар өздөрү маалымдашты. 

Айтымдарында, нааразылыктарынын негизги себептеринин бири - маяналарынын аздыгы.

Айдоочулар Бишкектин көчөлөрүнүн тардыгынан троллейбустарга шарт оор болуп жаткандыктан, МАИ кызматы тарабынан колдоо көрсөтүүнү талап кылышат. Ал эми акция кайсы убакта жана кайсы жерде өтөрү белгисиз.

Биз Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы менен байланышканыбызда башкармалык учурда ушул маселенин тегерегинде жыйын өтүп жатканын маалымдады.

Бул тууралуу учурда башкармалык жыйын өткөрүп жатат. Эмне маселенин тегерегинде митингге чыгышмакчы болуп жатышканы жыйындан соң белгилүү болот”,- деди басма сөз өкүлү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamarik
2014-08-26 16:47:39
маршрутка бутуп тролликтерби.мэр иштей албайт экен.асмандан тушконбу эч ким тааныбайт аны.келсин иса омуркулов
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан