Бишкекте автоунаа уурдап качып 3 жолу жол кырсыгына кабылган жаран кармалды. 20-январь күнү саат 01:00лер чамасында Бишкектеги түнкү клубдардын биринен чыккан Ф.Р. аттуу жаран аталган клубдун алдында токтоп турган Мерседес-Бенц унаасын уурдап качкан. Жолдо бара жатып рулду башкара албай калгандыктан, 3 жолу жол кырсыгына кабылганы белгилүү болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Укук коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнү көп узатпай кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алды. Бишкектин Биринчи Май РИИБи тарабынан тергөө иштери уланууда.