Бүгүн, 26-августта Жалал-Абадда облустук жетекчилердин арасында “Ынтымак жарчылары” аталышында штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу машыгуунун төрагасы Нурбек Жээналиев билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги Европа коопсуздугу жана кызматташуу уюму менен “Аймира” коомдук фонду аркылуу өткөрүлүп жатат. “Негизги максат өлкөдө болуп жаткан кырдаалдардын, чыр-чатактардын алдын алуу болуп эсептелинет”,- деди ал.
Ошондой эле мындай машыгууларды бир гана бийлик өкүлдөрүнүн арасында эмес, мектеп окуучуларынын, студенттердин арасында да өткөрүү керек экендиги айтылды.