Ош. Токтогул атындагы эс алуу багында көркөм сүрөт галереясынын ачылыш аземи өттү

25-август күнү Ош шаарындагы Токтогул атындагы эс алуу багында көркөм сүрөт галереясынын ачылыш аземи өттү. 

Ага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, Орусиянын Оштогу башкы консулу Александр Кудряшов, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев жана Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү катышты. Анда калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев чыгармачыл адамдарга шарттар түзүлбөгөнүн айтып: "7 жылдан бери өнөрлөрүн жайылтуу аракеттерине көңүл бурулбай келген. Улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата ушул жайдан орун бердик. Галерея шаардыктар, шаарга келген меймандар үчүн жана алардын эс алуусуна жакшы шарт болуп берет. Эми мындан ары мэрия тараптан колдон келген жардамыбызды берип турабыз",- деди.

Анда жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан