Нарында муниципалдык башкарууну жакшыртууга багытталган окутуулар өтүүдө

Нарын облусунда жергиликтүү коомчулуктар өз ресурстарын натыйжалуу пайдалануусуна жана жергиликтүү калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле муниципалдык менчикти каттоодо жана инвентаризациялоодо элдин катышуусун кеңири камсыз кылуу максатында бир катар окутуу иш-чаралары өткөрүлдү. 
Бул тууралуу 26-августта өкмөттүн облустагы өкүлүнүн маалымат катчысы билдирди. 
Окутуулар айыл тургундарына муниципалдык башкарууда практикалык жактан жардам көрсөтүп, потенциалын жогорулатмакчы.

Иш-чаралар «Нарын облусунун айылдык муниципалитеттеринде муниципалдык башкарууну жакшыртууга көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин демократиялык комиссиясынын колдоосу менен «Нарын муниципалдык ресурстук борбор» коомдук кору тарабынан ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан