Араван районунда айыл чарбага жарактуу жер тилкеси жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Нур-Абад айыл аймагынын кызмат адамдары айыл чарбасына жарактуу жерди турак жай куруу үчүн жеке менчикке берип салышкан. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.