Кочкордо айылдашын таш менен чаап өлтүрүп салган жаран күнөөсүн мойнуна алды

Кочкордо айылдашын таш менен чаап өлтүрүп салган жаран күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.

Маалыматтарга караганда, Кочкор айылынын эки тургуну 22-август күнү спирт ичимдиктерин ичип отурушкан.  Кийин мас абалындагы экөө Бишкек-Торугарт жолунда унаа айдап жүрүшкөн. Ал жактан эки жарандын ортосунда келишпестик чыгып, М.А. аттуу жаран А.О. аттуу жаранды ур-токмокко алып, таш менен сабаган. Жыйынтыгында А.О. окуя болгон жерде каза тапкан. Бирок М.А. аны унаага салып ооруканага алып келген.     

Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна алгандыгы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamarik
2014-08-26 16:45:22
баягы эле М.А Т.О.Б.Т.Ж.М. атын жазылбайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан