Бишкекте уурулукка шектелип 3 өспүрүм бала кармалды

Бишкекте уурулукка шектелип 3 өспүрүм бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 51 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз бирөөлөр короосундагы 5000 сомдук велосипедин уурдап кетишкен айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жогоруда аталган фактыга шектүү катары 12 жаштагы Адилет, 13 жаштагы Чынтемир, 14 жаштагы Тилек кармалган. Алар мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда райондук ички иштер башкармалыгына алынып келинди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан