Бишкектин Эркиндик бульварындагы эски орундуктар алынып, жаңылары орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 4 жаңы орундук орнотулуп бүттү. Биринчи Май райондук администрациясы билдиргендей, жакынкы айдын ичинде аталган бульвардын Чүй жана Линейный көчөлөрү менен чектелген бөлүгүндө бардык эски орундуктар алмаштырылат.