Нарын дарыясынан жашы 45-50 чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 25-август күнү саат 17:15 чамасында Нарын дарыясынан адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге куткаруучулар барышып, сөөктү суудан алып чыгышкан. Учурда ал адамдын өздүгү такталууда.