Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков бүгүн, 26-августта ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Төрага ЮНЕСКОнун башкы директору Бокованы Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы - Даңк медалынын ыйгарылышы менен куттуктады.
Төрага кыргыз элинин бай маданий мурастарын аздектеп сактоо, ар тараптан иликтөө жана жайылтуу буга чейин да болуп келгендигин жана мамлекеттик саясаттын артыкчылык берилген багыттарынын бири болуп кала берерин айтты. Андан сырткары маданий мурастардын объектилерин сактоо мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө көмөктөш болорун белгиледи.
Ирина Бокова Кыргызстан жетекчилиги тарабынан ЮНЕСКОнун иштери жогору баалангандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Кыргызстандын парламенти маданий жана тарыхый мурастарды сактоого кызыкдар болуп, ЮНЕСКО менен кызматташууну өнүктүрүүгө жигердүү тартылып жатканы кубандырат. Адамзаттын маданий мурастарын сактоо маселесинде парламент маанилүү ролду ойнойт”,- дейт Бокова.