Жылнаама, 27-август: Мындан 14 жыл мурун Москвадагы Останкино телемунарасында өрт чыккан

* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1985-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 1991-жылы Кыргыз жер иштетүү илим изилдөө институтунун аспирантурасын, ал эми 2002-жылы Экономика жана ишкердик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1985-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы "Ак-Жар" совхозунда агроном кесибинен баштаган. Асылбек Жээнбеков 2010-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси аркылуу V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланып, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон. Ал эми 2011-жылдын 21-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалыгына шайланган.
* Мындан 39 жыл мурун, 1975-жылы Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Эльвира Сариева Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айылында туулган. 1998-жылы Бишкек гуманитардык университетинин англис жана америкалык адабият адистиги, 2002-жылы КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын менеджмент, бизнес жана экономика адистигин аяктап, 2010-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алып келет. Эмгек жолун 1996-жылы Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик протокол бөлүмүнүн ассистенти катары баштаган. Эльвира Сариева 2012-жылдын декабрынан 2014-жылдын апрелине чейин КСДП фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, ал эми 2014-жылдын 3-апрелинде социалдык блок боюнча вице-премьер-министр болуп бекитилген.
* Мындан 33 жыл мурун, 1981-жылы атактуу советтик хоккейчи Валерий Харламов автокырсыкка кабылып, 33 жашында көз жумган. Мыкты хоккейчи 1967-1981-жылдары ЦСКА, 1969-1980-жылдары СССРдин курама командасында ойногон. Ал 1969-жылы "СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери" деп табылган. Валерий Харламов эки жолку Олимпиада чемпиону (1972, 1976), сегиз жолку Дүйнө чемпиону болгон. 1972-1973-жылдары "СССРдин мыкты хоккейчиси" деп аталган. 
* Мындан 14 жыл мурун, 2000-жылы Москвадагы Останкино телемунарасында өрт чыккан. Өрттүн очогу 460 метр бийиктикте жайгашып, анын кесепетинен 3 кабат толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүү убагында 300 метр бийиктиктен трос үзүлүп кеткенде лифт ылдый көздөй катуу ылдамдыкта түшүп, ичиндеги 3 адам каза болгон.
27-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан