Бүгүн, 26-августта шаардык транспорттун көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалар тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун биринчи кеңешмеси болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков катышты.
Кеңешмеде шаар мэриясы менен жеке фирмалардын биргелешкен өз ара аракеттери, калкка кызмат көрсөтүүдөгү маселелер жана аларды чечүү, транспорт тармагындагы көйгөйлөр талкууланды.
Ошондой эле коомдук транспорттогу жол кирени 12 сомго чейин жогорулатуу маселеси көтөрүлдү. Соңунда тарифтерди жогорулатуу маселеси изилдөөлөрдү талап кылары айтылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.