”Чек ара маселелерин чечүү боюнча Тажикстан менен эки тараптуу иш алып бармай болдук” дейт Баткен облусунун башчысы

Бүгүн, 26-августта Кыргызстан жана Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталган соң өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков SUPER.KG тарабынан узатылган суроолорго жооп берди. "Чек ара маселелерин чечүү боюнча Тажикстан менен эки тараптуу иш алып бармай болдук",- деди ал сөз башында.

"Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул маселелерди чечүү үчүн Тажикстан менен эки тараптуу иш алып бармай болдук. Жакын арада чек ара тилкелерин кыдырып чыгабыз. Бул маселе бир тараптуу чечилиши мүмкүн эмес. Себеби Кыргызстан тараптан күнөө кетсе каршылаш тарапка шылтайт, Тажикстан тарап мыйзам бузса Кыргызстанга шылтайт. Андыктан эки тарап тең көп жумуш аткарууга тийиш”,- деди ал.

Кошумчалай кетсек, 25-августта Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган. 
Ж.Разаков бул окуянын тамырын карай келгенде тажик тарап күнөөлүү болуп каларын айтты. Себеби алардын такталбаган чек ара аймагына бир канча метр кирип келип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылганы кыргыздарга тийишүүгө жатат деп эсептейт. "Жетекчилеринин буйругусуз мындай кадамга барган тажик чек арачылары жоопко тартылып-тартылбасы боюнча Тажикстан тарапка суроо узатылган жок. Негизи, алар сурак алышы керек. Билбейм, эми бул суроону тажик тарапка узатканыбыз туура болмок",- деди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан