Жалал-Абад облусунда катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 26-август күнү саат 04:30 чамасында Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагында ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен №2030-чек ара аскер бөлүгүнүн имаратынын 500 чарчы метр чатырын жана радиостанциянын кабыл алуу мамысын толугу менен кулатып, жараксыз абалга келтирген. Ошондой эле Ибраимов көчөсүндө №4-эки кабаттуу турак үйдүн 128 чарчы метр чатырын жана “Күнчубак” балдар бакчасынын 134 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.