Бишкекте Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Алтынбек Арзымбаевди кечээ, 26-август күнү кечинде белгисиз адамдар 8-кичи райондон атып кетишкен. Ал алган жараатынан улам ошол жерде каза тапкан.
Айта кетсек, март айында дагы Алтынбек Арзымбаевге кол салуу болгону айтылган эле. Анда белгисиз 3 адам ага карата ок чыгарышкан, бирок Алтынбек Арзымбаев качып кетүүгө үлгүргөн. Ошондой эле ал коомчулукта Жин деген каймана атка ээ.
Эске салсак, мындан 2 жыл мурун Алтынбек Арзымбаев "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Бир ай мурун ал кылмыш иштерине байланыштуу мандатынан ажыратылган болчу.
Буга чейин ички иштер министри Абдулда Суранчиев уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар депутаттарды атаган эле. Анда Алмазбек Кулболдиев (КСДПдан Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты), Калыбек Нургожоев ("Республика" партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты), Алтынбек Арзымбаев ("Ата Мекен" партиясынан Кара-Көл шаардык кеңешине талапкер), Самат Токталиев (КСДПдан Чолпон-Ата шаардык кеңешине талапкер), Бакыт Баркалбасов ("Улуу Кыргызстан" партиясынан Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты), Замирбек Тургумбаев (Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылдык кеңешинин депутаты), Эржигит Пасанов (Өзгөн районундагы Куршаб айылдык кеңешинин депутаты), Замир Сыргабаев ("Республика" партиясынан Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты), Тынычбек Бекболотов (Лейлек районундагы Кулунду айылдык кеңешинин депутаты), Бакытбек Жетигенов, ("Ар-намыс" партиясынан 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты), Турусбек Ногоев (Жайыл районундагы Бекитай айылынын тургуну, аталган райондун акими), Таалайбек Сүйүмбаев ("Эл-Аман" партиясынан депутат, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы), Жээнбек уулу Белек (Жайыл районундагы Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты), Руслан Жумагулов (Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты), Урмат Осмонкуловдун (Панфилов районундагы Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты) ысымдары бар болчу.