Ысык-Көлдө 202 түп апийим өстүрүп жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди.
Милиция кызматкерлерине Ичке-Жергез айылынын Каныбек аттуу тургуну үйүндө апийим өстүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган жаран өз үйүндө кармалып, ал короосунда жалпы салмагы 35 килограммга чукул 202 түп апийим өстүрүп жаткандыгы аныкталган.
Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, иликтөө иштери уланууда.