Жалал-Абадда ар тармактын жетекчилери баш болгон аскердик жүрүш өткөрүлдү

Кечээ, 26-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги милиция  кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгын чыңдоо максатында аскердик жүрүш өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Жалал-Абад ШРИИБинин өздүк курамдарынын жетекчилери, милициянын ардагерлери, элдик кошуундар, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, өрт өчүрүү кызматынын бөлүктөрү жана окуучулар болуп 1000ге жакын адам катышты.

Маалым болгондой, жүрүштүн катышуучулары ошол күнү таңкы саат 04:30да «тревога» белгиси менен көтөрүлүп, саат 06:00дө Бишкек-Ош жолундагы Сузактын айланма жолунда чогулушту. Майлы-Суу, Жалал-Абад ШИИБинин, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак РИИБдеринин жетекчилери эмерек каптарды, өздүк табелдик ок атуучу куралдар салынган 20 килограмм салмактагы жүктөрүн алып салтанаттуу жүрүштү шаңдуу ыр менен Ош-Бишкек автожолунун Сузактын айлампасынан баштап, Сузак районунун аймагындагы Кара-Дарыя  участкасындагы ок атуучу полигонго чейин чуркап өтүштү. 

Бул жүрүштү милиция кызматкерлери көзөмөлгө алышып, катышкан окуучуларга, элдик кошуундарга  күжүрмөн даярдык боюнча сабактар өткөрүлүп, Калашников автоматынан орнотулган буталарга ок атышты. Андан кийин күжүрмөн даярдык боюнча ар бир бөлүмдүн ортосунда граната ыргытуу, эстафета жана 16 килограмм гиря ташын көтөрүү, кол күрөш боюнча мелдештер болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kursantbek
2014-08-27 10:44:41
ээх бизда барчы елек чуркап ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан