Бишкекте Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кыргыз тараптын делегациясын КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, тажик делегациясын Тажик Республикасынын Вице-премьер-министри Муродали Алимардон жетектешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык – Кишемиш (Тажикстандын Точикон айылын айланып өтүүчү) унаа жолунун, Исфара – Ворух (КРнын Ак-Сай айылын айланып өтүүчү) унаа жолунун жана 2014-жылдын 31-мартында бекитилген эки көпүрөнүн курулушун бир убакытта жүргүзүүнү макулдашышты. Муну менен алар унаа жолдорду курууга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү туура деп табышты.
Мындан тышкары иш-чарада 25-августта Баткен облусунун Лейлек районунун Эски-Оочу аймагында орун алган окуя талкууга алынды. Тараптар 2014-жылдан тарта кыргыз-тажик чек арада болгон окуяларды тергөө үчүн биргелешкен комиссия (тергөө-ыкчам тобу) түзүүнү макулдашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту. Ал эми кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү сүйлөшүлдү.