Ош облусунун жана Ош шаарынын кыш-күз мезгилине карата даярдыгы боюнча штабдын отуруму болду

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баштаган штаб мүчөлөрү Ош шаарынын кышка карата даярдыгын жеринен көрүү үчүн Ош шаарындагы айрым объектилердин иши менен таанышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Ош ЖЭБ ишканасынын кышка даярдык иши менен таанышып, мазут сактоочу жайды көрүштү. Салиева көчөсүндөгү магистралдык тармактарды реконструкциялоо иши менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен пикир алышты. Ошондой эле «Ош 6» 110/35/10 кВт көмөк чордонун реконструкциялоо иштерин да жеринен көрүштү.

Мурда белгилегендей эле Ош шаарынын жана Ош облусунун тиешелүү жетекчилери, район-шаарлардын акимдери катышкан жыйын болуп, анда айрым кемчиликтер баса көрсөтүлдү. Кубатбек Боронов: “Кышка даярдык жылдагыга салыштырмалуу жакшы болгону менен, кышында кыйынчылык болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармагында көмүр жеткирүү көңүл жылытарлык деңгээлде болбой жатат. Мисалы, кесиптик окуу жайларында көмүр жеткирүү 3 пайызга, маданият тармагында 16-17 пайызга аткарылыптыр. Бул маселени өкмөттүк деңгээлде да коёбуз, бирок район-шаарлардын акимдери да аракетиңерди көргүлө”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан