Улуу саякатчы Николай Пржевальскийдин 175 жылдыгына арналган мотожарыш 17-июлда башталган. Анын 31-августка чейин өтөрү белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди.
Иш-чарага Санкт-Петербург шаарынын 4 дасыккан мотоциклисти Михаил Бархатов, Алексей Архипов, Алексей Тихомиров жана Павел Игнатьев катышууда. Саякаттоо боюнча көптөгөн тажрыйбалуу чеберлер 1 ай ичинде 12 000 чакырымды басып өтүштү. Маршруттун максаты Пржевальскийдин жашоосуна жана ишмердүүлүгүнө байланышкан тарыхый жерлерди басып өтүүгө багытталган.
Алар Санкт-Петербург шаарындагы “Орус географиялык коомунун” имаратынан старт алышкан. Андан соң саякатчы туулган Кимборово айылынан Кяхтага чейин барышкан. Монголияны кесип өтүшкөн топ Казакстандан Кыргызстанга багыт алышкан.