Арашан айылындагы өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүнүн үстүнө таш кулап, ооруканага жеткирилди

Арашан айылындагы Арчалуу-Бет коктусунда күйүп жаткан бадалдарды, куураган чөптү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүнүн үстүнө таш кулап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди. Аталган аймактагы өрттү өчүрүүгө 254 киши тартылган. Нөөмөткө түнү 13 өрт өчүрүүчү калган. Жалынды өчүрүү учурунда КРнын ӨКМнын №2-адистештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн улук сержанты, 1987-жылы туулган Албан Сатыбалдиевдин үстүнө таш кулап, жаракат алган. Ал Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан