Бүгүн, 22-январда Бишкек шаарынын Жаш Гвардия бульварындагы Баатырлар аллеясына экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов тарабынан орнотулган көчө жарыктары алынды. Бишкек мэри Иса Өмүркулов көчө жарыктары тууралуу “бул акцияда маданий мурастарды ырайымсыздык менен талкалоо байкалып турат. Баатырлардын эстеликтерине жарыктар бекитилген жана техникалык коопсуздук сакталган эмес. Бул жерде сейилдеп жүргөн адамдарды ток тартуу коркунучу бар. Бул иш-чара жардам көрсөтүүчүлүк эмес, бул Атай Садыбакасовдун өзүн-өзү коомчулукка жарнама кылгандыгы”,- деди. Айта кетсек, көчө жарыктары архитектуралык эрежелерди сактабай курулгандыктан алынды.