Алтынбек Арзымбаевди футбол ойноп, үйүнө келе жаткан маалда атышкан

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Алтынбек Арзымбаевдин өлүмү боюнча толук маалымат берди.

“Кечээ, 26-август күнү саат 23:00 чамасында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жашы 30-35 чамасындагы азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтылган.  

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, аталган жаран 33 жаштагы Кара-Көл шаарынын тургуну Алтынбек Арзымбаев экендигин аныкташкан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган.   

Окуя болгон жерден 9 миллиметр калибрлүү 6 гильза, уюлдук телефон, кара түстөгү спорт сумкасы табылган.  

Оперативдүү маалыматтарга караганда, Алтынбек Арзымбаевди футбол ойноп, үйүнө келе жаткан маалда атышкан. Ага алты ок тийген.  

Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат” деп жазылат маалыматта. 

Мындан 2 жыл мурун Алтынбек Арзымбаев "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Бир ай мурун ал кылмыш иштерине байланыштуу мандатынан ажыратылган болчу. 

Айта кетсек, март айында дагы Алтынбек Арзымбаевге кол салуу болгону айтылган эле. Анда белгисиз 3 адам ага карата ок чыгарышкан, бирок Алтынбек Арзымбаев качып кетүүгө үлгүргөн. 

Кримавторитет делген Жинди атып кетишти. Өз ысымы Алтынбек Арзымбаев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
beka88
2014-08-27 11:31:36
кинодогудай эле болуп калдыго
0
Topchubai
2014-08-27 11:33:19
Жана куну иим маалымат бергенде,ушуну да кылмышкер деген беле?Жергиликтуу кенештин депутаты деп?Шектуу.........
+1
aijan280389
2014-08-27 11:36:24
Алахым куноолорун кечирсин. Жайы жаннаттан болсун.
+2
shutUP
2014-08-27 11:40:49
очошуп жургон душманы, же болбосо бийлик акырындан тазалап баштады
0
Survey
2014-08-27 12:53:51
олтурбой эле камап койбойсунарбы булда бир кыргыздын уулу элего.адам омуру кандай кымбат баары ушуну тушунсо кана.жаткан жери жайлуу болсун!
+1
beast
2014-08-27 14:17:17
текебаев аралашкан жерде бир нерсе болот созсуз чынында откондо ушунуда атакан болуш керек
0
snegurochka11
2014-08-27 20:03:27
Кимге ишенерээбизди, эмне дээрибизди деле билбей калдык го?!
0
Elya20
2014-08-27 22:39:31
Аны кышында кармалды деп телевизордон корсотподу беле анан кантип чыгып кетти эле?
0
Nero4444
2014-08-28 20:21:31
кудай сактасын кинодогудай еле болуп калыптыр чын еле
0
nurkasym-2014
2014-08-29 14:35:15
Биздин олко азыркы бийликтегилерден тазаланмайынча олкобуздо тынчтык даболбойт ж-а онукпойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан