Орусиянын Тверск облусунда 14 кыргызстандык мигрантка өз батирин ижарага берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү айым сыртка чыкпоо каты менен чыгарылды. Бул тууралуу 25-августта орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, батир аталган облустун Басман көчөсүндө жайгашкан. 43 жаштагы кылмышка шектүү айым өз иш-аракети мыйзамсыз экенин алдын ала билип туруп мигранттарга батирин ижарага берген. Бул боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз миграцияны уюштуруу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ал эми чет өлкөлүк жарандарга административдик укук бузуулар боюнча материалдар түзүлүп, сотко жөнөтүлдү. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.