1-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчылар Роза Шакирова, Айнура Салахидинова жана Азиза “Эски достор” аттуу концертин тартуулашат. Концертте үч курбу жандуу үн менен обон созушат. Кечеде КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековдун ырлары аткарылгандыктан, ал инсан кадырлуу конок катары чакырылат.
“Учурда концертке даярдык көрүп, жаңы ырлардын үстүндө иштеп, тытынып чуркап жүргөн чагыбыз. Концертте үчөөбүз трио болуп ырдайбыз. Бул кечебизге башка ырчылар чакырылган жок. Жалаң үчөөбүздүн чыгармалар аткарылат”,- дейт Айнура Салахидинова.