28-августта экс-мэр Иса Өмүркуловдун сот иши уланат

Экс-мэр Иса Өмүркуловдун экинчи инстанцияда уланып жаткан сот иши эртең, 28-августта болот. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери ДүйшөнбиевТезекбаевАбдыкаровКадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталышкан. 

2014-жылы 1-августта Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери бардык беренелер боюнча акталышкан. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган. Бирок мамлекеттик айыптоочулар Октябрь райондук сотунун И.Өмүркулов, А.Абдыкаров, М.Кадырмамбетов, М.Тезекбаев, Б.Дүйшөнбиевге карата чыгарылган актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошкон эле. 

Мунун негизинде сот иши кайрадан экинчи инстанцияда Бишкек шаардык сотунда уланып, 26-августта сот отуруму орун алып, айыпталуучу А.Абдыкаровдун ооруп келбей калгандыгына байланыштуу 28-августка жылдырылды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан