Бишкектеги Сүрөтчүлөр союзунун галереясында “Аялдардын көз карашы” аттуу көргөзмө ачылат

5-сентябрда Бишкектеги Эмен багындагы С.Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында “Аялдардын көз карашы” аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган музейдин арт-директору Кайыргүл Казыбекова билдирди.

Анын айтымында, "Арткана Чоң-Кемин" аттуу долбоордун алкагында сүрөтчү айымдардын тобу Кеминде болушуп, жаратылыштын коюнунда сүрөт тартышкан.

Көргөзмөгө 9 сүрөтчү айымдын живопись, графика, кол өнөрчүлүк өңдүү 100гө жакын эмгеги коюлат.

“Сүрөтчү айымдарга үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын, анткени үй түйшүгү чыгармачыл аялдарга жолтоо болот. Эркек сүрөтчүлөргө болсо кыйла жеңил, себеби алардын мойнуна балдарды кароо, үйдөгү жумуш жүктөлгөн эмес. Негизи, биз сүрөт тартканды жакшы көрөбүз жана тарткыбыз келет. Көпчүлүк сүрөтчү айымдар түйшүк менен алпурушуп жүрүп калем кармаганды, майлуу боёктордун жытын унутуп калышыптыр. Бирок чебер кол бат эле көнүп, ажайып табияттын кучагында сүрөт тартып черибизди жазып алдык”,- дейт Кайыргүл Казыбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан