Орусияда мигранттардын ортосунда жаңжал чыгып, кыргызстандыктар жаракат алышты

Орусиянын Хабаровск крайында Орто Азиядан барган мигранттардын ортосунда массалык мушташ орун алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Орусиянын ИИМинин аталган аймак боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "азиат улутундагы 4 адамга карата бейбаштык кылган" деп шектелип Өзбекстандын 3 жараны кармалган. Жаңжал жарандардын ортосунда болгон кастыктан келип чыкканы аныкталды.

Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдары мушташты токтотушуп, 11 адам полиция бөлүмүнө жеткирилген. Алардын документтери текшерилип, Өзбекстандын 5 жараны Миграция кызматынын кармоо бөлүмүнө жеткирилди. Аларга административдик айып пул салуу жана Орусиянын аймагынан чыгаруу чаралары көрүлмөкчү.

Жаңжалдан улам жаракат алган 1 өзбекстандык жана 3 кыргызстандык жаран арыз менен полицияга кайрылышканы белгилүү болду. "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 3 адам камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ganibal87
2014-08-27 15:50:04
Иштегени келген ден кийин кысчу жерин кысып иштеп кетишпейби урушуп депорт болсо озуно еле зыян
+7
Manasemetei
2014-08-28 03:49:00
Ozbekter ozu kunoluu.Kyrgyz alga
+6
chomly88
2014-08-28 10:18:50
ХХХ туугандар эч жерге батпас болду го кутурушуп.
+1
admin_portal
2014-08-28 10:29:34
chomly88 - 3 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан