Жалал-Абад. Шаардык мэриянын жыл жыйынтыгы боюнча кеңешмеси болуп өттү
21-январда Жалал-Абад шаардык мэриясынын аткаруу комитетинин жыл жыйынтыгы боюнча кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жусубалы Төрөмаматов, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев жана шаар активдери катышып, 2012-жылдагы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-2015-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча милдеттер, 2013-жылга мэриянын перспективдүү иш-планын бекитүү маселелери каралды. Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Урмат Маматов мэриянын жыл ичинде аткарган жумуштары боюнча баяндама жасады. Соңунда жылдын жыйынтыгы боюнча бир катар "жыл мыктылары" сыйланышты.