ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде өкмөт тарабынан сунушталган «Электрондук жана почта байланышы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жактырылды. Бул долбоор өлкөдөгү маалымат булактарында жайгаштырылган экстремисттик материалдарга каршы күрөштү күчөтүү максатында иштелип чыккан. Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиевдин айтымында, мыйзам долбоору басылмалар, жалпыга маалымдоо каражаттары, маалымат сайттары аркылуу экстремизм, терроризм аракетин чакыруу маалыматтарын табууга, аныктоого, материалдар табылган жеринде кылмыш ишин козгоого жана аны уюштурган жактарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.