Ош шаарындагы кээ бир мал союлуучу жайлар санитардык талапка жооп бербейт. Мындай билдирүүнү бүгүн, 27-августта Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын жетекчиси Кумар Исаков билдирди.
Анын айтымында, 6 мал союлуучу жайды текшерүүгө алганда санитардык талапка жооп бербегени аныкталган. Ал эми айрым ишкерлер малды союуга ветеринардык тастыктамасы жок алып келери айкын болгон. Аларга карата административдик чара колдонулду. Мындан сырткары мал союлуучу жайлардын санитардык абалынын начардыгынан улам эскертүүлөр берилди.
Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы текшерүү рейддерин жылына 4 жолу өткөрүп келген болсо, мындан ары мал союлуучу жайлар жума сайын адистер тарабынан текшерүүгө алынат.