Аламүдүн районундагы кафелердин биринде коопсуздукту сактоо кызматкери кардарды сабап салган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-августта билдирди.
Маалыматка караганда, бир канча күн мурун ооруканалардын бирине катуу сабалган адамды алып келишкен. Бирок ал эсине келе албай каза тапкан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.